адистик
- Кандайдыр бир иштин көзүн таап, жакшы машыккандык, адистешкендик.
- Илимдин, техниканын же искусствонун кандайдыр бир тармагы боюнча алган кесип, үйрөнгөн өнөр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Санаа санга бөлүндү, / Семетейдин көңүлү, / Ал Манастын тукуму, / Алымсарык чунактын, / Адистигин көрдүңбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…чу жетерде, / Мылгып кирип кетерде, / Найзага найза каңк этип, / Учунда темир жарк этип, / Сайдырбастан найзаны, / Найза менен кагышып, / Бели катуу эрендер, / Адистигин таанытып, / Ителгидей айланып, / Баштакыдан беш бетер, / Огобетер каарданып, / Жылан менен чайандай, / Уусун чачып заарданып, / Алам деген Чойун алп, / Таамай …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Адистиги билинип, / Калар эмес ал экөө, / Найза учуна илинип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ара каш, / Атып мылтык, тартып жаа, / Эр сайууга өтө маш, / Сөөгү толук кагалес, / Ар кандай ишке жараган, / Тайманбаган чабендес, / Сайып найза, балта чаап, / Адистик жайы бар эле, / Алапайын таба албай, / Карады Үрбү аны эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Адистиги тең келип, / Дал болуп колдор шалдайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →