адеп2
- Алгач, баштаганда эле, озунуп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Акыл керек ар жанга, / Адеп керек бар жанга, / Сылык сөз менен сый керек, / Өлбөй турган тир жанга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чукул кирип келгенде, / Алмамбет айтат күлүңдөп: / — Учураша бурулдук, / Каныкей жеңе, сизге, — деп, / Азыраак кызмат кылабы, / Жардамы барбы бизге деп, - / Адеп көргөн чоролор, / Хандардын атын алышты, / Аса байлап салышты, / Эрлерге урмат билгизип, / Эшик ачып киргизип, / Белендешип шекер, бал, / Керткен казы, бычкан …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куба жүлүн жаш бала, / Кай калаага барасың, / Кандай курган баласың, / Ал-жайыңды айта кой, / Арманда өлүп каласың, / Аралап кирсең өлөсүң, / Атайын кордук көрөсүң, / Жогуңду айтып байан кыл, / Кайсы жакта жүрөсүң, / Адеби жок жаш бала, / Хандын кызы жаныңда, / Кыткылыктап күлөсүң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Адеп келгенде апийимдин же кардын чыгары тилип, же мөлчөрүнө жеткирбей кыртышын гана чийип кетип жүрдүк.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Адеп келе сала жер-суубузду тартып алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →