адаштыр

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Түз жолдон, туура ишмердүүлүктөн четтетүү, туура эмес жолго салуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бирөөнө бирөө окшобойт, / Адамдын болот жаманы, / Адаштырып кай бирде, / Ар убак тийет залалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…арстан койонду, / Аккула келет элестеп, / Чычкан болуп кубулду, / Кетеринде тебелеп, / Күч келди бу кулага, / Бүткөн бойдо жошулду, / Жамгырдай тери себелеп, / Адаштырып Манасты, / Андан кетти шум түлкү, / Алмамбет, Чубак, айкөл эр, / Баарына болду чоң күлкү, / Бир кишинин ордунда, / Төрт кишиге кез келди, / Тили карыш чубалып,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эки тайган карааным, / Силерге айтар абалым, / Бириң жүргүн алдымда, / Бириң жүргүн артымда, / Из кубалап тапкыла, / Адаштырбай башкага, / Калдуубет менен Ойротко, / Баштап мени баргыла. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мени ары бери сүйрөп жүрүп акыры адаштырдың, жаның барында койду таап бергин, – деп ак улакка кара улак айтат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Эми сен менин аркама мингин, адаштырбай керегиңди таап берейин, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →