адатынча
- Үйрөнүп калган көнүмүшү, адаты боюнча, каадасынча, боло жүргөндөй.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Адатынча аралап, / Арык койдой кырбайбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алданып каңгай элине, / Ааламга шылдың болдук, — деп, / Токтообстон шапылдап, / Дабытай айтат акыл кеп: / — Адатыңча Кененим, / Койо берет калганды, / Өз элиңе кеткин деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Каадасынча манжунун, / Адатынча анжунун, / Кома деп барып Алмамбет, / Сагынышкан немедей, / Кол алыша кетти эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Адатынча келтирип, / Куурдак менен май ичип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— деп сөз кезеги келбеген жерден кошулуп, адатынча мурчуюп, тескери карап кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →