адат

китептерде 76 жолу, 9 китепте
  1. Көпчүлүк эл үчүн өнөкөт болуп калган каада, салт, традиция, жүрүш-туруш тартиби.
  2. Көңүлгө жат болуп, үйрөнүп калган өнөкөт, көндүм, көнүмүш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кокүн сунган найзанын, / Үнү күндөй күркүрөп, / Көрүп туруп Конушбай, / Сийдиги агып дүркүрөп, / Кара жерди чаң кылып, / Качырганын ар качан, / Алып көргөн кар кылып, / Адатымча кыргызды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Улугуңа бар, — деди, / Эмне көргөн-билгенин, / Жашырбай айта сал, — деди, / Каалабайым кан ичпейим, / Киймиң чеч, аттан түш, / Олжо алам дебейим, / Өчөшсө келсин кытайың, / Өткөрөйүн санаттан, / Карматамын дагы эле, / Кылып көнгөн адат ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…тык, / Барлык күчтү салыштык, / Ийилбеген кайран бел, / Балтыр этти талыттык, / Орой- торой чалыштык, / Ороолонуп көрүштүк, / Өчүгүшүп күрөштүк, / Баштан берки адатым, / Балачактан санатым, / Жети күндө бир тамак, / Иче турган кезегим, / Бирден- бирден санадым, / Бүгүн болуп калыптыр, / Тамак ичер убагым, / Тамактанып келейи… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үч жыл өттү арадан, / Дагы Жакып ойлонду: / “Адат алып калды бейм, / Мурункудай катынды, / Алып барып салсам бейм, / Ырымы ырым болор, — деп, / Ырысыма уул туулса, / Конушума коноор”, — деп, / Үй курады жаңыдан, / Төрт түлүгү тең үчүн, / Баары өзүнөн табылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Жолдошум күндөгү адаты боюнча, алдынан атып жөнөгөн коёнго: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →