адамча
- Адамдай болуп, адамдын колунан келгендей.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оң жагымда сен турдуң, / Сол жагыңда мен турдум, / Канаты бар Кеңкула, / Адамча билип сүйлөгөн, / Санаты бар Кеңкула, / Кубат бергин муунума!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененим колу жеткени, / Кылыч ээрип кеткени, / Адамча сүйлөп ошондо, / Ак чабак айткан кептери: / — Адам уулу азамат, / Куткардың мени саламат, / Кургакка чыга албаймын, / Жакын келип амандаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жыландын каны чачылды, / Ар тарапка буртулдап, / Адамча сүйлөп баш жагы / Айтты муну шуртулдап: / — Оңбой калгын Куткарбас, / Мен Кумсарды жедиң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Деп Айчүрөк айтканда, / Уккансып кепти адамча, / Жаныбарым куу инген, / Жалпыга дагы дуу инген, / Келайткан душман жеткинче, / Жан жүрбөстүн чөлүнө, / Ошону көздөй жөнөдү, / Келип жүрдү үч айда, / Бир сапардан кайран мал, / Күмбөзүн шердин көргөлү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошентип турганда Карышкыр кайта келип, адамча сүйлөп жай сурайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →