адамсын

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Толук баалуу адам катары сезүү же көрүнүү, өзүн же бирөөнү башкалардан кем көрбөгөн абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лдим мен, дедиң, / Көөнүмдө айтам түгөнгүс, / Көйнөктөн бетер кир, дедиң, / Элиң менен жериңди, / Алдында айта кетпедиң, / Ким экенин билбедиң, / Кайдан келген адамсың, / Жайың айткын билдирип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Хан Чиктейдин кан карзы, / Менде эмес силерде, / Адамсынып далдайып, / Не келесиң бу жерге?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ек, / Асманда барат калкылдап, / Кийгени соот күрөөкө, / Күн чагылып жалтылдап, / Токтоно албай кара жер, / Каарданып сурданып, / Карагай найза колго алып: / — Адамсынган бурутту, / Астын-үстүн салайын, / Амалын такыр түгөтүп, / Айдап келе калайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Адамсынган ант ургур, / Татыймын өзүм жеке эле! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Сен эмне болуп жүргөн адамсын? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →