адамзат
- Киши, адам баласы.
- Эл-журт, бүткүл адам баласы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алы-жайын сурашты, / Аттуу келген адамзат, / Мадана жайын сурады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Адамзат кылчу өнөрдүн, / Ал чочкодо баары бар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…дын түркү көрүнөт, / Үстүндөгү мингени, / Адамдын түркү көрүнөт, / Кызыл буурул жаныбар, / Басканы башка алчактап, / Айбандан башка көрктөнөт, / Үстүндө минген адамзат, / Колунда алган кушу бар, / Канаттары жаркылдайт, / Учуруп койсо үстүндө, / Тегеренип калкылдайт, / Доолбас уруп какканда, / Учуп чыккан өрдөк, каз, / Түк бир…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Асманда учса куу эле, / Адамдан чыккан сулуу эле, / Ак шумкардын тууру эле, / Алп Семетей жубу эле, / Адамзаттын нуру эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Досум, мен жыландын падышасынын баласы элем, адамзаттын колуна эмне болуп түшкөнүмдү билбеймин, сен атамды издеп тапсаң бул дүйнөдө эч нерседен кор болбойсуң.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →