адамдык

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Жогорку моралдык жана интеллектуалдык касиеттерди өзүнө топтогондук.
  2. Адам баласына таандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кары катуу эл деген, / Намысын колдон бербеген, / Жаман айтпай бирөөнү, / Мунайым сүйлөп жүйөлүү, / Адамдык кепке сындырган, / Айыгыштан адамга, / Арылгыс жаман шор кылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Чуркураган сансыз үндөр адамдыкы экенин, айбандыкы экенин айрып болбойт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мына мында адамдык ажарынан кетип турган бир катын безеленип, жүгүрүп келип: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бети жайык, эрди жука, көзү акылдуу адамдыкындай караган, тилдүү неме. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бети жүз жыл ыйлаган адамдыкындай. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →