адал

китептерде 22 жолу, 9 китепте
  1. Ислам дининин эрежелери боюнча тыюу салынбаган, жасоого, пайдаланууга жол берилген жорук-жосун, жүрүмтурумдар, же ичип-жешке уруксат кылынган тамак-аштар.
  2. Өз күчү, өз мээнети менен табылган, ак эмгеги менен өндүрүлгөн оокат.
  3. Күнөөсүз, ак ниет, акыйкаттуу; арамдык аралашпаган.
  4. Мал.
  5. Шарыят боюнча нике кыйып алган аял.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Урматтуу казак элиңди, / Өзгө журтка кар кылып, / Жайнаган колуң бул турса, / Калкыңды ага зар кылып, / Басарга калбай бош жери, / Кең дүйнөсүн тар кыл, / Бул кылышың жакшы эмес, / Арамдык кылган мен эмес, / Адал ашка күмөнсүп, / Сен Медеркан, киши эмес! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арзандык менен адамга, / Арсалаңдап күлбөгөн, / Күлгөнүн киши көрбөгөн, / Күлбөгөн менен Семетей, / Адал пейил, адал сөз, / Шамдай жанган эки көз, / Адамдан нурдуу деп уккан, / Азыркы жүргөн алптардын, / Баарысынан сүрдүү деп, / Карааны көзгө токтомдуу, / Алп мүчөлүү деп уккан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Адалды жесек, бир жедик, / Арамды жесек, тек жедик. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Адал сүйгөн алган жар, / Кылжыке калды санаадар, / Үмүт күтөт Кылжыке, / Курсагында бала бар, / Жалаңгыч Сарык аталган, / Кененим үйдө аман бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ата-энең кое бер, убал болот десе, убал болсо кудайым адал кылбай эле койбойбу деп, шишкебек кылуучу элең, ии ошону эми көргөнүң! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →