агыт

китептерде 67 жолу, 10 китепте
  1. Байлоодон бошотуу, бош коё берүү, чечип бошотуп коюу.
  2. Итти, тайганды же алгыр куштарды ууга алып чыгып, аңга салуу, аңга коё берүү.
  3. Айгырды үйүргө кошуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маңгыттардын хан Калдык, / Жан алчуудай каарданып, / Өзүмдүн элим дебестен, / Ачуу сөзүн агытып, / Калгандарга заар салып: / — Эртеңден баштап жекеге, / Мен барамын дебегин, / Мен барам деп чыкканын, / Баш байланып келесиң, / Баш байланып келбесең, / Башыңды берип өлөсүң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жедигерде жети суу, / Жетөөндө бар жети улук, / Падышасы Таластык, / Аты Темир деп угуп, / Ырыскан келип жатыптыр, / Кетсем деп ага жолугуп, / Ит агытып, куш салган, / Капкан койуп теке алган, / Кулжасын аткан курбудан, / Күндө адырда жүрүчү, / Жетөө келди чатырга, / Жедигердин уулунан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
- / Баатырдан нечен эр келип, / Агытып ийди үч пилди, / Булаңдатып тумшугун, / Дүмүрөңдөп жүгүрүп, / Такыр баары бүт келип, / Чуулдашат аламан, / Бирине бири дем берип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Отуз күн жатып адырда, / Кайберенден уу уулап, / Ителгисин куу-куулап, / Ит агытып акырык, / Тоо жаңырган бакырык, / Талаада жүрүп, деми сууп, / Жетисууга кетмекке, / Аттанып чыкты чубуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Алар тайгандарын агытып, түлкүгө кое беришет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →