агынды

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Суу менен кошо агып келген жыгачтар же ар кандай башка нерселер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…йлактарын жоктогон, / Атан буура аралаш, / Инген тайлак чамалаш, / Төөлөр келди Букарга, / Аркар, кулжа тебишип, / Эчки теке жарышып, / Адырды карай салышып, / Агынды бойлоп бугулар, / Маралы кошо мунун бар, / Элик менен куран бар, / Жейрен менен кунан бар, / Төөкуш менен бөкөн бар, / Кайып келди Букарга, / Жорулар келди дал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…, / Көзкаман турду муну айтып: / — Жашырбаймын сырымды, / Сенден Жакып кылайтып, / Сен Алтайда жүргөндө, / Коңшу болдук короолош, / Малыбыз жүрдү аралаш, / Бир агындын бойунда, / Жайлап жүрдүк чамалаш, / Жакшы-жаман ишибиз, / Бирге болгон кишибиз, / Чоңжинди деп Манасты, / Жашырып жүргөн кезимде, / Аны толук билчүбүз, / Тынга… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күн бешимге барганда, / Кетерине калганда, / Ырчуул менен Бозуулга, / Алмамбет айтат мындайча: / — Алгыр экен кушуңар, / Каз-өрдөк болду тушуңар, / Алынбай агып көп кетти, / Агынды бойлоп багыңар, / Тебилсе сыртка сыйлыгып, / Убал болот алыңар, / Сайранга дагы батыңар, / Айактан өйдө кагыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ду мойундап, / Сакалын катып койундап, / Олбуй-солбуй теминип, / Оң-тескери камчылап, / Качып келет Куткарбас, / Бурулуш жолго бурулуп, / Аттын изин жашырып, / Агындын салып ичине, / Алдадым деп Сейитти, / Куткарбас ойлойт ичинде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сүйрөп келди беш күптү, / (Жыкбы, бөксө, билбейим) / Бешөөнү башка беш жутту, / Канбады окшойт суусуну, / Тоңкойуп жатып суу жутту, / Айак жагын агындын, / Так какшатып кургатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →