агым

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Суу ж.б. суюк заттын агуу кыймылы, агыны.
  2. Абанын, газдын ж.б. жылуу кыймылы.
  3. Белгилүү бир тарапты карай агылган топтун, массанын кыймылы.
  4. Кандайдыр бир нерсенин өөрчүү, өнүгүү же багыт алуу, алга карай жүрүү кыймылы.
  5. Көркөм-адабий же коомдук-саясий багыт.
  6. Топ-тобу менен келип-кетүүнүн, жүрүүнүн ырааты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нечен агым суу келди, / Туйуктанып калбады, / Нечен токой чер келди, / Чулганып ага калбады, / Ашуусу бийик тоо келди, / Буйдалып мында калбады, / Үч ай - токсон күндүк жол, / Үч күндө жетип барганы, / Кеңкула минген кишинин, / Калбады бекен арманы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оңду таштап оолугуп, / Алакең кирди сол колго, / Абал кудай кез кылган, / Алтымыш жигит осолго, / Көңүлү кетип бириндеп, / Көлдөттү ойун ошондо: / “Жалгыз агым жараткан, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Адам ашкыс бел окшойт, / Агымы катуу сел окшойт, / Үй токтоткус жел окшойт, / Карааны башка көрүнөт, / Кайраты бар эр окшойт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…ан адам таралып, / Жер бетине шаар салып, / Каканчын эли болгону, / Адам уулу барбаган, / Падыша арбак бак бурчун, / Кайнап жаткан Каканчын, / Кызыл деңиз терс агым, / Ошондон бери карата, / Орто жери Чынмачын, / Ат изин ага ким салган? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Агымдап келе жаткан калың кол эми шаардын аягына жакындап калган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →