агыл4

китептерде 5 жолу, 3 китепте агыл 1 →агыл 3 →
  1. Аккан-акпаганы билинбеген тайыз суу же көлчүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…оодой болгон шерлери, / Алоологон туу менен, / Жер көтөргүс кол менен, / Койдон бетер жайылып, / Кулак тунган чуу менен, / Кумурскадай жайылып, / Сел суусундай агылып, / Үчкаркыра, Көкдөбө, / Улуу Кемин, Жетөгүз, / Жерлеп жаткан элдердин, / Айдап кетти жылкысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
деп, / Үйүнө барды кеп салып, / Бала–барка, катындар, / Сүйүнгөндөн дердеңдеп, / Өмүр берсин Манаска, / Барыпсыңар ырас, деп, / Дайра болуп агылып, / Ак көрпө болуп жайылып, / Көрбөй туруп көк чалган, / Көптүн баары жалынып, / (Кечирбейт деп күнөөнү, / Баардыгы турган сабылып), / Эркек, катын аралаш, / Ул… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карган дөбөт Тапан хан, / Карыган канчык шумпайга, / Каткан кан эрип агылды, / Карашы кандай сонун, деп, / Караанына жалынды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жамгырдай жашы төгүлүп, / Сакалы ылдый агылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Канына анын агылган, / Кара жерди жуурултуп, / Канып кумар жаналы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →