агент1
- Уюмдун, мекеменин ж.б. кызматтык тапшырмаларын аткаруучу өкүлү.
- Кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы, таламы үчүн аракет кылган, ошону жактаган адам.
- Кандайдыр бир мамлекеттин чалгындоо иштери боюнча жашыруун кызматкери; тыңчы, шпион.
- саяс. Эл аралык кредиттик синдикаттын мүчөлөрү тарабынан, ошол синдикаттын кызыкчылыктарын кредиттин мөөнөтү бүткөнгө чейин гарант катары коргоого ишеним берилген банк.
- Облигация чыгарууга тапшырма берилген уюм.
- Продукция өндүрүүчү менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы соода далдалчысы, тигил же бул фирманын өкүлү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.