агача
- Байбиче, улгайган сөөлөттүү зайып.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Агачалык кыргыздар, / Аттуусу атчан жөөсү жөө, / Мурункудай салтына, / Кекилик болбой келди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Агачалык бул жерден, / Нурзат барды отуз миң, / Кими күчтүү ким күчсүз, / Аны биздер билбейбиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Агачалык каңгайдан, / Жана да бири чыкканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…өттү Чакмакташ, / Кызыл канга найзаны, / Чыктап өттү Чакмакташ, / Жер кучактап жыгылды, / Топтого башы тыгылды, / Денеден башы бөлүндү, / Бу да көрдү өлүмдү, / Агачалык каңгайдан, / Жана бир бөлүндү, / Алдынкы өлгөн экөөнүн, / Балбаныраак көрүндү, / Найза сайып көрбөгөн, / Найзалашып көнбөгөн, / Чокмору куру кайтпаган, / Балта…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Агачалык эки-үчөө, / Андан-мындан төрт-бешөө: / — Элебей туруп бул иштен, / Томсоруп биздер кур калдык, / Булар алып келбесе, / Биздер карап турбайбыз...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →