агат2

китептерде 29 жолу, 8 китепте агат 1 →
  1. Пахта, тамеки ж.б. өсүмдүктөрдү тигүү үчүн тартылган арык, жөөк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…тте, / Көрүнгөндөн көрүнүп, / Кээде туман сөгүлүп, / Кээде жылдыз жылтылдап, / Кээде сымап кылтылдап, / Кээде жолборс күркүрөп, / Үнүн уккан кишинин, / Сийдиги агат бүркүрөп, / Карап көрсө хан Калдык, / Бекбачага таңданып, / Кара кулак шер экен, / Уккан менен көргөндүн, / Кимиси мындай эр экен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Табарсыгы кан какшап, / Эр жигиттик белгиден, / Тамчы-тамчы кан агат, / Ошондой кесел тооруса, / Канткенде тирүү жан калат! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эчкиликтин эки чат, / Эңиш тартып суу агат, / Арзанча адам байкабас, / Алды жагы кош кашат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Калың жерин аралап, / Оң-тескери кылычын, / Шилтегенде кан агат, / Он-он бештен найзалап, / Катар сайып баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…к, / Семетейден баламдын, / Бир жери артык кем эмес, / Бүгүн көрсө баланы, / Колуман түшүп кетти, деп / Мунардан таштап жиберет, / Ого бетер мен күңдүң, / Жашы агат себелеп” / Деп ойлонуп Айчүрөк, / Жалтылдаган алтындан, / Жарашкан тонду алыптыр, / Ороп алып баласын, / Көтөргөн бойдон барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →