агала1
- Өзүнөн улуу эркек бир тууганын же жакын тууганын ага катарында кадырлоо, сыйлоо, урмат көрсөтө билүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Агала сакал чалыңар, / Ак саамайлуу баарыңар, / Уул менен келиндин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
– деп, / Дайынын сурап калыптыр, / Сураганда Чыйырды, / Ачыгын айта салыптыр: / — Тайың Балта сурасаң, / Акчамбылдын төрүндө, / Агалаташтын белинде, / Жон атагын айтканда, / Аралкөлдүн жээгинде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Быйт чүчкүрүп эчкилер, / Так секирип улактар, / Агаласайдын ташындай, / Адырга келип топ болду, / Ташка ойноп чунактар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →