агайын
- Эркек бир туугандар, эки бир тууган.
- Туушкан, туугандык жакындыгы бар адам.
- Жалпы эл-журт, көпчүлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Акыл-насаат кеп айтам, / Агайын болгон кырк жигит, / Айрыкча Чубак сени айтам, / Мен атадан безген бир кулмун, / Акбалтанын Чубагы, / Аңкылдаба деп айтам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Агайын-тууганын да киши кыябы?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Антпе, агайын-туугандын баары көнүп олтурган-да, жеке сенин ынтымактан чыкканың болбос...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бу жерге бир аз токтоп, сиздер өңдөнгөн агайындардын аркасы менен оокаттанып алып, анан жөнөбөсөк, азыр кете турган ой жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жесир кемпирди карабаган агайын-туугандары Абылайдын төрүнөн кетпес болду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →