ага1

китептерде 677 жолу, 10 китепте ага 2 →
  1. Өзүнөн улуу эркек бир тууган.
  2. Эркек тууган-туушкандардын же жалпы эле эркектердин жаш жагынан улуусу.
  3. биол. Дөө кур бака. Кур бакалардын эң ири түрү. Америка континентинде жашайт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ушул бүгүн Бекбача, / Алтымыш бирде мүчөлү, / Агам Асыл өлгөнү, / Отуз алты жыл болду, / Бир күн тыным албады, / Атактуу Манас айкөл шер, / Мен барган жерге барбады, / Тирүүлүктө Бекбача, / Калганы жок арманы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сур тайды ага бергениң – / Падышалык тагыңды, / Башында белги бергениң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда туруп мен айттым: / — Андай болсо, агалар, / Сейитек биздин ханыбыз, / Жыргап калдык баарыбыз, / Жашы менен карыбыз, / Силер жатып тургула, / Биз кабарга баралык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жапаркул менен Ыракымбайдын агасын мал союп бер деп Большевиктер алып кетиптир. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Адил хан "ушундай элине кайрымдуу, бечарага дитин берген, эл үчүн туулган адамды өлтүрүүгө болбойт, биздин ичибизден чыккан бузукулар уруштурган турбайбы", дейт да Жоомартка таажысын кийгизип, тагына мингизип хан көтөрөт, өзү ага вазир болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →