аваз

китептерде 40 жолу, 4 китепте
  1. Даңаза, даңк.
  2. Үн, обон, добуш, айың, даңаза, каңшаар.
  3. Шык, шыктуулук, умтулуу, шыктануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Керкиттин эли келе албайт, / Эл башкарган башканы, / Авазири балбаны, / Баары кыргыз тарабы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айтса айтпаса ырас кеп, / Бөлүнүп барып Каракөз, / Үч авазир, өзү төрт, / Ажырап калып калкынан, / Ичи жалын кызыл өрт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бизде кыргыз эли бар, / Үч арал үргөнч жери бар, / Ошо кыргыз элинде, / Оболбек деген эри бар, / Авазир кылып алайын, / Чынында менин таайым ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Өзүң туулуп өскөн жер, / Тапан хандын ордуна, / Хан болгунуң, Чойтолоң, / Авазир бол, Тазкара, / Жашыл жээктин элине, / Улук болуп тапак, бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Керт башыңа Абыке, / Авазирлик сыймыкты, / Дал өзүңө беремин, / Тийер болсо Тынымкан, / Ала келгин белегин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →