абышка
- Кары киши, чал, карыя.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Угуп болуп Шоорук хан: / — Оо, кудай урган абышка, / Козголупсуң ордуңдан, / Ичкен тузуң сени урган, / Сенден бетер мен дагы, / Семиздигим мени урган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айжаңжүндүн шаарында, / Карысы-жашы, коркогу, / Канчасын басып калыптыр, / Кулап кетип коргону, / Бооз катын калбастан, / Бала салып баарысы, / Кызыл чие кан болуп, / Абышка-кемпир, жаш балдар, / Жанчылып калды нан болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Катындар мурдун чүйрүшүп, / Кыңырак алып кемпирлер, / Эшикке чыга жүгүрүп, / Саксалаңдап абышка, / Шибегеси колунда, / Кескилеп кетмек бир демде, / Тим койсо элдин ойуна, / Алып барып байлады, / Байагы темир кадаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Абышка, кемпир бөлүнүп, / Айылдын чыгып четине, / Сакалдарын жайкашып, / Кымызга балды чайкашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир жыл өткөндөн кийин абышка сыйкырчы чалга келип:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →