абийир

китептерде 40 жолу, 9 китепте
  1. Жеңиштүү, ийгиликтүү иштердин, эрдиктердин аркасында ээ болгон атак-даңк, наам.
  2. Уят, ынсап, ийменгендик, ызаат кылгандык.
  3. өт. Адамдын жыныс органы, жан жери, уяттуу жери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аралап айылың баспадык, / Ак теңге пулуң чачпадык, / Кыз-келинге катышып, / Абийирди ачпадык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кулакташып угушуп, / Үчөөбүз келе жатабыз, / Ат жеткисиз алыстан, / Абийириң кетет, эки хан, / Жол талашып чабышсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ — Андай болсо, Ачакан, / Кененимге айттым деп, / Саламатка айтпагын, / Абийиримди ачат деп, / Жер кучактап жатпагын, / Жакшы-жаман иштерин, / Өз билгимче байкайын, / Ушу деп менин дегеним, / Кайра тартты Кененим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айылчылап барсаң, ал эркиң, / Абийирин бирөөн ачам деп, / Ат бастырып барбагын, / Бүгүн-эртең басам, деп, / Ашыгып дүрбөөн салбаймын, / Өзү эле келет тийишип, / Өкүмсүп жүргөн калмагың, / Сайып алга… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айткан тилди алсаңчы, / Кайта артыңа жансаңчы, / Абийир сактап калсаңчы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →