абдан
- Өзүнөн кийин келген сөздүн маанисин күчөтүп көрсөтүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үзөнгүдөн бут тайып, / Ооп барып оңолду, / Ороңдогон чочкого, / Абдан шайтан толгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бендеден белдүү кара көк, / Катка көзүн салганы, / Катты окуп алганы, / Дабытайдан кеп-кеңеш, / Абдан сөзгө канганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алмамбет мында келгели, / Ашкере он жыл болуптур, / Көкчөгө жагып кызматы, / Көңүлү абдан толуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Абдан дайынын билем” деп, / Тикейе тиктеп олтурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Анда баягы кемпир-чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →