абала2

китептерде 13 жолу, 5 китепте абала 1 →
  1. Тынбай үрүү (итке карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бел болуптур Бекбача, / Абалаган таз кара, / Ашып учуп кеткисиз, / Томуруп адам жыга албас, / Тоо болуптур Бекбача, / Кайберен басып өткүсүз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Улуу-кичүү, кары-жаш, / Катын-эркек аралаш, / Жан башына бирден ит, / Кошо жүрөт абалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ат айабай жол жүрүп, / Аз гана эмес мол жүрүп, / Күндү-күнгө улантып, / Коңурсурду чуратып, / Күндө жүрүп Алтыке, / Артынан чаңын чубалтып, / Абалатып иттерди, / Айылга жетип барыптыр, / Күндө Манас үйүндө, / Келим кетим киши көп, / Бүтүрүп жүргөн иши эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүс жакка бет буруп, / Оо, султандан калган белегим, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Абалап өскөн терегим, / Кеткен иш болсо кек кылбай, / Келерин терең ойлогон, / Түпсүз деңиз тереңим, / Кечириң кесип кемитип, / Жасоолдор сабап демитип, / Жабырды жаман тартканда, / Кыргыздан кечем дебепсиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күндө учуп абалап, / Токтосарттай байды таап, / Момунжандай табып таап, / Гүлүстөндү сакайтты, / Күн-түнү жок дабаалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →