абакеле

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Жалпы эле өзүнөн улуу кишилерге же абасына «абаке» деп кайрылгандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Абакелеп бакырып: / — Олуйа аба, неттиң?- деп, / Акылың кайда кеттиң?- деп, / Балтаңдын сабы чагынча, / Барып калсаң жанына, / Жойболот кылыч жетпесин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жеткен жерде Гүлчоро, / Айагына жыгылып, / Абакелеп кыйкырып: / — Айланайын абаке / Алдыңа келдим мен сизге, / Адам билбейт турбайбы, / Башка келер баланы, / Өмүр бойу ким алат, / Зыйаны жок пайданы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көйкөлгөн Талас бош калды, / Абакелеп ыйларга, / Көтүңдө балаң жаш калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бастыра албай сандалып, / Абакелеп жалбарып, / Бүгүн мында жаталы, / Кечүүнү мыктап чалалы, / Кечүүдөн кабар алалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жамгырчыны көргөндө, / Жаны чыгып абыдан, / Ачууланып айкырып, / “Абакелеп” бакырган, / Укпаганда абышка, / “Жамгырчы — деп чакырган, / Алдындагы Сур атка, / Эңкейишти камчы уруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →