абаке
- Өзүнөн улуу эркек адамга ызаат менен кайрылуу формасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алымсарык далдаңдап, / Абакеси Бакайдан, / Нөөмөт сурап калдаңдап: / Мен чыгайын жекеге, / Келе жаткан айбанды, / Келтирбейли бу элге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…йбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, / Азык-түлүк чатырды, / Асырап кал аныңды, / Ок-дары менен тон арткан, / Оорактагы баарыңды, / Ажыраш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Өзүңүз баштап, айашым, / Олтурупсуң баарыңар, / Байкуш менин кебиме, / Барың кулак салыңар, / Катындардан кеп уктум, / Байагы катын Накылай, / Абакемдин алдынан, / Тосуп кетти деп уктум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мени оозуна албайт, деп, / Көөнүнө албас энекем, / Мага берер билгини, / Талашпас менден эжекем, / Атанын жүзүн көрбөдүм, / Чоң энем менен чоң атам, / Бүгүн жүзүн мен көрдүм, / Бала кезден бер жакка, / Абакем Гүлүс көргөнүм, / Биле албайым абамдын, / Кандай кеңеш берерин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эми, энеке, ылгагын, / Сүтүңдү берип сен баксан, / Күчүн берген, абакем.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →