абайы

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Көбүнчө үртүк, ат жабуу.
  2. Көрпөчө жасала турган кымбат баалуу калың материал, кездеме.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арстаныңдын аты үчүн, / Абакемдин каты үчүн, / Эр башына бир куржун, / Мен беремин ал үчүн, / Көпчүлүккө киргенде, / Кийим окшош, ат окшош, / Көркөм менен баруу үчүн, / Ар куржундун ичинде, / Ат абайы – ат жалдык, / Өңү окшош ат жабдык, / Ат үпчүнү анда бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кырк жылы жатса жаанда, / Кылайып чети оңбогон, / Кыргагын алтын чордогон, / Торко көрдүм Бейжинден, / Ал эле кимдин торкосу, / Алтын така, күмүш мык, / Айагына кагылуу, / Ак абайы жабылуу, / Көчөдө жүрөт салдырып, / Сүрөтү тамга тартылуу, / Жорго көрдүм Бейжинден, / Ал эле кимдин жоргосу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Буга кайыш шукшурма, / Суулугуна тагылуу, / Байгеге чапчу күлүктүн, / Ат абайы жабылуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Асманда түтүн бөлүнөт, / Абайлап байкап карасам, / Ак абайы ат Буштан, / Айалдын аты көрүнөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →