абайла
- Сак болуу, этият болуу, көңүл буруп байкоо.
- Токтой тур, күтө тур.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эл жыргаса жыргасын, / Эмгегин тарткан элимдин, / Жыргалын көрсүн кара журт, / Эл башкарган эринин, / Ой, Орунбай ойлоп көр, / Эсири болсо кебимдин, / Аксакалдуу карың ук, / Айал-эркек – баарың ук, / Абайлап уккун айалдар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айталбай, балдар, жүргөмүн, / Арыктап кеттим санааркап, / Абайлап, балдар, билбедиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ай эсептеп, күн санап, / Абайласа Алмамбет, / Эртең менен жетпесе, / Бешимде кулжа жол чалып, / Чокуга кетер күн экен, / Ошол үчүн ал жерде, / Алмамбет айткан кеп экен: / — Түн уйкуну бөлөлү, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
деп, / Абайлап караап олтурса, / Чубап келет кырк бир жан, / Берекелүү бек айбат, / Ортосунда бир адам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жолборс Кыйаз аман бол, / Жоого бүлүк салгын — деп, / Абайлап туруп анык ук, / Ажырап сенден кетпеске, / Сага берген антым — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →