аба2
- Көбүнчө азот менен кычкылтектин кошундусунан туруп, жердин атмосферасын түзүүчү газ сыяктуу зат.
- Асман мейкиндиги, көк.
- Климат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыт калдык кеп баштап: / «Уйалба Курчун деп баштап, / Кыргыз деген эл экен, / Аба ачык, суу тунук, / Тоо бойлоп жүрүп ар кайда, / Тили тактын бири экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көзүнүн агып кандуу жаш, / Өлдүбү, тирүү бар бекен, / Дайынын көрө албады, / Арстаның айбат үн берген, / Абасы кайрат күү берген, / Жаш баатыр карап турабы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Каарданып Кененим, / Абасы Гүлүс кептенип, / Заарданып Кененим, / Манастап ураан чакырды, / Тармалкөктөн солтойтуп, / Сайып өттү капырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оогандын Апы, Напысы, / Андан башка сыйкыры, / Чоң кастыкты кылбасын, / Азык-түлүк чатырдан, / Абаң Бакай баштаган, / Ажырап калып жүрбөйлү, / Кыргыл баштап кыркынан, / Дайарданып сен бешөөң, / Асманда учкан чымчыктан, / Жерде жүргөн Коңурдан, / Бирөөнү чала …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мени оозуна албайт, деп, / Көөнүнө албас энекем, / Мага берер билгини, / Талашпас менден эжекем, / Атанын жүзүн көрбөдүм, / Чоң энем менен чоң атам, / Бүгүн жүзүн мен көрдүм, / Бала кезден бер жакка, / Абакем Гүлүс көргөнүм, / Биле албайым абамдын, / Кандай кеңеш берерин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →