аб
- Айрым сырдык сөздөргө (бали, баракелде) кошулуп, күчөтүү маанисинде колдонулат: аббали, аббаракелде.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баарын көрүп алардын, / Абыдан көрүп аралап, / Азык менен аралды, / Кашкар менен жол жүрүп, / Ак калпак кыргыз эл көрүп, / Чеч төбө келип бел ашып, / Бактыбай менен көрүшүп, / Эсен-соосун билишип, / Таласка кетти Бекбача, / Карсылдашып күлүшүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өкүрүк менен акырык, / Оң-тескери бакырык, / Отор калмак кыйкырат: / Абдумаалүк, колдо!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ып, / Кеңкула чуркап чаалыкпай, / Кылычты шилтеп Кененим, / Кырып жүрөт талыкпай, / Жердин бети чыпылдап, / Жуурулуп топо былчылдап, / Албарс менен кайсалап, / Абыдан кырып талкалап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон, / Чогуу турбай суйулуп, / Чаң созулта качканын, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Керк менен пил кармап, / Кербенчиден тил кармап, / Айттырып кепке канайым, / Абыдан кабар алайын, / Көрүнүп турган Кантунга, / Барып келе калайын, / Жөө бөрүсү Чубакты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / Келип калат аш сурап, / “Ай, Айчүрөк, Айчүрөк, / Ой, Каныкей, Каныкей,” / Деген кеби ушгулат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →