аары
- Өсүмдүктөрдүн гүлүнүн ширесин соруп жашаган, чакса уусу бар чымын-чиркейлердин бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ушуга акыл токтотуп, / Белин бекем буунуп, / Учуп чыкты Кызылкыз, / Сары аары болуп кубулуп / Каптап кирди кыргызды, / Моңгулдун эли чуу туруп, / Ошо күнү кечинде, / Таласка барып Кызылкыз, / Болуп жаткан жумушту, / Бекбачага угузду: / —…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыйалында Шермат хан, / Багдатты чаап алмакчы, / Келер жылы камынып, / Мисирге колун салмакчы, / Андан аары оолугуп, / Ооганга чейин бармакчы, / Жеңе алса мисир,ооганды, / Индистанды алмакчы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аарынын күчү бал менен, / Айымдын күчү хан менен, / Хандын күчү эл менен, / Катын күчү эр менен, / Кыйандын күчү сел менен, / Булуттун күчү жел менен, / Буудандын күчү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аарынын баары чогулат, / Кара чымын комоктоп, / Кескелдирик, көк кене, / Бөйөн, көгөн, дагы бар, / Чагуучу жандын баары бар, / Чачыкей жайы ушундай, / Деп бүтүрдү бар кебин, / Кайтарып жүргөн Сетертай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Оболу аарыны эстеп, анын берген кылын отко жакты эле, аары учуп келди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →