аарчы
- Бирдемеге жуккан кирди же башка нерсени сүртүп тазалоо, кетирүү.
- Бир нерсенин кабыгын сыйыр, кабыгынан ажыратып тазала.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эркекче кийим кийинип, / Белине кемер илинип, / Көзүнө сурма / тартынып, / Көзүнөн улам жаш чыгып, / Аарчыган болуп сурманы, / Көзүнүн жашы аарчынып, / Адагы келип турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Арданган Күдүк алайып, / Ачуусу келип карайып, / Энтиге түшүп дем алсаң, / Текечердей танайып, / Энтелей басып алыптыр, / Жоолугун алып колуна, / Терин аарчый салыптыр, / Таң кашкайган маалда, / Алмамбетке барыптыр, / Күдүктү көрүп Алакең, / Айран азыр калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүткө кошуп Айчүрөк, / Как ушундай дарыдан, / Кулагына тамызып, / Көзгө сыйпап жиберип, / Сулумсур деген жоолук бар, / Артына аарчып имерип, / Аңгыча Бакай абаңыз, / Кыл мурутун сылады, / Сылап кайра тарткыча, / Бир мурут чыга калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алты киши түк тынбай, / Маңдайдан аккан терлерин, / Арытып, аарчып алалбай, / Күнү-түнү дем албай, / Бек кыйналды шордуулар, / Ташып тамак бералбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир күнү ысык ичкен, суюк чычкан, коко тикен менен көчүгүн аарчыган мастен кемпир баланын келинчегине келип:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →