өң3
- Өңкөй, өңчөй, жалаң, чылк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайра жаачу булуттай / , / Карарып өңү бүркөлүп, / Кабагы карыш чүмкөлүп, / Буту сынып жаны ачып, / Качырып кирди «Манастап», / Кара жанга күч келип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Төрдө жаткан эр Көкчө, / Түктүйүп өңү бөлөкчө, / Башын өйдө көтөрүп: / — Оңолбогон кесек ит, / Оолактап кайда барасың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
деп Семетей, / Бузулуп өңү сурданып; / Суркойон минип шаңданып, / Касаба тоодой жарданып, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Кыл муруту бириндеп, / Каары жүзгө айланып, / Алмабаш мылтык, Акшамш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошенткенде Беккул сокбилекти ыргытып жиберип, өңүн бузуп, эшикти көздөй өңгүрөп жөнөй берди эле:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →