өңдүү
- Сулуу, өңү-түсү жакшы; өңүкебетеси жакшы.
- Арыктабаган, толмоч тарткан, өңүнөн азбаган, көрүнүшү жакшы, жүдөңкүрөбөгөн көрүнүш.
- Сыяктуу, сымал, окшош, кебетелүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кужурап барат келгендер, / Үйүнө кетип баратып: / — Кандай болгон жумуш бу, / Акыл-нуска аралаш, / Керээз өңдүү кеп айтып?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…р капыры, / Карагай найза өңөрүп, / Буту сынып жатканда, / Кулактан Тору ат тартканда, / Жыдыгы чыккан аз заман, / Толгон капыр ал чакта, / Толкуну көлдүн шары өңдүү, / Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, / Салкыны сырттын жели өңдүү, / Ысыгы жайдын күнү өңдүү, / Көргөндүн баарын жадатып, / Күркүрөп чочко жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ойду, / Бучкагына теңебей, / Айчүрөк тартып бир алды, / Андан кала бергенде, / Карылардын айтканы: / Атактуу Коңур алп баштап, / Нескара менен Мурадил, / Уушаң өңдүү зор баштап, / Түп Бейжинге калтырбай, / Беш урукту бүт айдап, / Таласка келип алалбай, / Же муунуп өлүп калалбай, / Жатындашы Ороккыр, / Нескара менен Мурадил,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көкчөдөн угуп бул кепти, / Ойуна алды арстан, / Айжаңжүн карай жүргөлү: / — Хан Бакай, Чубак кел, — деди, / Кебим бар айтам мен, — деди, / Кармашып жүрүп жоо алдым, / Бануусу, соксо дөөнү алдым, / Ошончо тартып жабырды, / Бул өңдүү күнгө калбадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сен өңдүү мен иш кылбаймын, / Бастыргын ары, түгөнгүр, / Артты кудай оңдосун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →