өч2

китептерде 223 жолу, 10 китепте өч 1 →
  1. Күйүп турган от, жанып турган шам, жарык ж. б. күйүүдөн, жарык берүүдөн токтолуу.
  2. Өңү, түсү мурдагыдай болбой азуу, оңо баштоо, бир нерсенин бетине түшкөн из, так, жазуу ж. б. эскирип, сүрүлүп жок болуу, билинбей калуу.
  3. өт. Каза болуу, дүйнөдөн кайтуу, ажал жетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мелтиреген көл калды, / Жарымы ачуу ичкисиз, / Жарымы таттуу балга окшош, / Аккан дайра суу калды, / Талкан чалган немедей, / Уйуп жаткан суу көрдү, / Жайы-кышы өчпөгөн, / Күйүп жаткан от көрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ли, / Эл сүйгөн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Адырда малың алты сан, / Алтының аккан суу болсун, / Таалайлуу болуп эл көктөп, / Тагыңа өчпөс кут консун, / Оомийин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлчоро айтат мындай деп: / — Шариаттын кеби бар, / Тобо кылса кечет деп, / Тозок оту өчөт деп, / Жалганы жок ырас кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эр Толтой үчүн өч алыш, / Барбы, Кыйаз, нээтиңде? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →