өчөш

китептерде 121 жолу, 9 китепте
  1. Көрсөткөн кордугуна, ызасына же башка аракетине, мамилесине карама-каршы иш кылуу, тескерисинче мамиле түзүү, каршыгып калуу, айыгышып калуу, өчүгүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калгандан киши өлө элек, / Буракүң өлдү жана эле, / Өчөшүп кирсең тил албай, / Сен өлөсүң эми эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өчөшкөн бала Чигитей, / Өлүгүн илип найзага, / Так көтөрүп муну алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жакшы айтып келсең жалооруп, / Ар ишиңди кечейин, / Өчөшүп келсең элөөрүп, / Так башыңды кесейин” / Деп ойлонуп Кененим, / Жалгыз жүрүп көптү алган, / Нойубаган эреним, / Эрлик жолдон тайбаган, / Эч кимге алын айтпаган… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Өчөшүп кууп алыптыр, / Көрүп турган оогандык, / Келе жаткан жолуна, / Жер торду көптөп жайыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мага келсең өчөшүп, / А дүйнөнү көрөсүң, / Ажалдан мурун өлөсүң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →