өчүк
- Өч болуу, өчөшүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ойлоп болгон Йобалы, / Уйалбай кантип барарды, / Өлтүрөйүн сени деп, / Өткүр найза колго алды, / Өжөрлөнүп өчүгүп, / Чоктой жанып ич күйүп, / Бактыбай менен Йобалы, / Ортосунда от күйүп, / Айкырган үнү угулуп, / Ачып көздү жумганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…азылып, / Караган жанды жадатып, / Караган бенде таң калат, / Калтаарып баары калышып, / Кагышып чыкты кечкече, / Аппак шордо салышып, / Кайра жанбай артына, / Өчүгүшүп тайышып, / Өлүмдөн башка кеби жок, / Өзөктөн канды жайышып, / Токтолуп калган жери жок, / Чаалыккансып талышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…падык жармаштык, / Багалектен алыштык, / Барлык күчтү салыштык, / Ийилбеген кайран бел, / Балтыр этти талыттык, / Орой- торой чалыштык, / Ороолонуп көрүштүк, / Өчүгүшүп күрөштүк, / Баштан берки адатым, / Балачактан санатым, / Жети күндө бир тамак, / Иче турган кезегим, / Бирден- бирден санадым, / Бүгүн болуп калыптыр, / Тамак …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ошолорго барайын, / Өчүгүшөм деп жүрүп, / Мурун өлүп калбайын…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өчүгүшүп урушуп, / Ач бөрүдөй жулушуп, / Бузулат элден ынтымак, / Кепке келип Куткарбас, / Катын-кызды таштасаң, / Куру кетпей томсоруп, / Ала кетсин башкасын”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →