өт2

китептерде 1746 жолу, 10 китепте өт 1 →
  1. Бир жерден экинчи бир жакка басуу, экинчи тарабына чыгуу.
  2. Мурда болуп кетүү, ошол учурда убактысы, мезгили жагынан алганда бүтүп калган абалда болуу.
  3. Батып кетүү, батып кеткендиктен денени оорутуу.
  4. Катуу таасир калтыруу, жапа чектирүү, жанга бата түшүү.
  5. Кесип, тешип же көзөп кетүү.
  6. Сиңүү, таралуу.
  7. Озуу, ашып кетүү, артыкчылык абалда, ашкан абалда болуу.
  8. Өтүмдүү болуу, тез сатылып же тез алынып кетүү.
  9. өт. Ажалы жетүү, каза болуу, жок болуп кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…калган Сынчыбек, / Кокус өлүп кетер, деп, / Учуп жетип энтелеп: / — Баатыр ат биздерде, / Ат берели бул элге, / Сурап келдик Сынчыны, / Канын бериң биздерге, / Өткөн иш өтүп болуптур, / Эндөөлүк кылып койуптур, / Эми Балтанын айткан сөзү бул: / — Алмамбет баатыр, угуп тур, / Элүү төрт илек кол келди, / Айкөл Манас зор келди… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Торсолдой менен Сетертай, / Өткөрүп койгон кызматты, / Аны булар биле албай, / Өзүнүн ордун тапты деп, / Ажыбайдын Керменбай, / Эл чуркурап айтышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Сайга кире берген жерде, бир калың мүрзөнүн жанынан өтүп баратсам, Беккул арыктын боюнда, сууга нан чылап жеп отуруптур. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Нечен ажыдаарлар, тулпардын туягын чагып өттү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →