өтө1
- Эң, абдан, аябаган, аябай, эң эле.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өтө андес Чакмакташ, / Андай эчен чапканды, / Жаздырып көнгөн чаптырбас, / Алдындагы тулпарды, / Болушунча камчылап, / Тоодой болгон Сазандын, / Ээк алдына өттү эле, / Ташка тийип найзасы, / Сан барча болуп кетти эле, / Пил экен минген аты деп, / Алдынкы ээрдин кашы деп, / Табарсыктын башы деп, / Найза менен муштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Каптап келген отузду, / Имерип тийди Кененим, / Чокморлууга чаптырбай, / Найзалууга кактырбай, / Аралап өтө бергенде, / Найзакерден экини, / Чокморлуудан бешөөнү, / Томолотуп өттү эле, / Мен- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балбан илегер, / Баары мыкты кеменгер, / Ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кардыгач кызым чоңойуп, / Каралды болуп калды эле, / Өзүмдү тартып калганбы, / Өтө кароо малга эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баш көтөрүп ошондо, / Хан Сейитек айтат кеп: / — Керменбайдын кеңеши, / Өтө сонун кеп экен, / Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Канчорого кеп болсо, / Каркылдап карап турганда, / Хан абам билсе эп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Германияга жөнөгөн солдаттар түнөп өтөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →