өтөк
- Тоо этегиндеги ойдуң, оюраак жер, тоо этеги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төөлөрү жатат өтөктө, / Өркөчтөрүн койкойтуп, / Ээрчитип жүрөт тайлагын, / Аркасында молтойтуп, / Киши жок үйдүн түрү суук, / Кире албай койдук биз коркуп, / Тирүү неме калбаптыр, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колу-бутун карасаң, / Чынардай бар тарбайып, / Үстүңкү ээрди калбайып, / Астыңкы ээрди шалбайып, / Өтөктө жатып жуушаган, / Кара атандай дардайып, / Эки эмчеги бултулдап, / Эки эне эмген танадай, / Эки бети томтогой, / Баспаган бечел баладай, / Ортого чыккан ошону, / Тик багып элдер карабай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өтөктүн чөбү калкылдап, / Көк ала сайма түрүндөй.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →