өтүк

китептерде 32 жолу, 6 китепте
  1. Кончу узун бут кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Дуулат менен Темирбай, / Өтүгүн чечип, кум шыкап, / Мойнуна артып айда! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
жок, / Кайран Сыргак муну деп, / Хан Манастын камын жеп, / Тай жарышым калганда, / Кайра качты калдаңдап, / Эки этеги далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда мин… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анжийандан алдырган, / Андан келген ак өтүк, / Ийи айдай бек өтүк. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Көйнөгүнүн жеңин чыканагына чейин түрүп таштап, аягындагы намыркен өтүгүн жылтыратып, бутун сунуп салып, жамбаштап жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Жүрү, кийиз өтүктүн таманына салгандай чөп жулуп келели, деп келинди токойго алып келет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →