өткүр

китептерде 137 жолу, 8 китепте
  1. Курч.
  2. өт. Тайманбас, тартынбаган, өтүмдүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ойлоп болгон Йобалы, / Уйалбай кантип барарды, / Өлтүрөйүн сени деп, / Өткүр найза колго алды, / Өжөрлөнүп өчүгүп, / Чоктой жанып ич күйүп, / Бактыбай менен Йобалы, / Ортосунда от күйүп, / Айкырган үнү угулуп, / Ачып көздү жумганча, / К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Шумдугу бар ар кимде, / Өткүр шумдук сыйкырды, / Ошол күндө көргүлө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кененимдин өткүр миз, / Өкүм болот найзасы, / Кабылдай сайды соотту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оң айланып сол болуп, / Ойлогону бул болуп, / Сырты калың өткүр миз, / Сомдоп соккон ай балта, / Балтаны алып кемерден: / “Чаптырбай койсоң билбейим, / Чаптырып салсаң, Кутургур, / Кара жерге киргизем, / Кактабай каның ичпесем, / Соогага алып сур атты, / Сейитекке жетпесем! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →