өр1

китептерде 66 жолу, 9 китепте өр 2 →
  1. Айдөөш, айдөөш тарткан жер.
  2. Көкүрөгү бийик, көкүрөктүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аттын изин кубалап, / Ар күнү топо дубалап, / Адырды басып аралап, / Кырга чыгып олтурса, / Өргөн иттей сабалап, / Ойдо жатат көп калмак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тапа- так найза беш кулач, / Аргамжыдай өргөн чач, / Бөктөргөн иттей кашы бар, / Жолум үйдөй башы бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Ка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Коркуп жатат дебесең, / Мени элиме жанайын, / Эки күн өрүн алайын, / Андан кийин башыңа, / Каран түндү салайын, / Өлбөй тирүү болгондо, / Салбай сага калбайым! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жабдыктуу найза ала элек, / Качырып жоого тийе элек, / Жарактын жайын биле элек, / Сенин баруучу жагың, эңкейиш, / Анын келер жагы өр тартат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ары жер өр, ары чөл. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →