өрөпкү

китептерде 16 жолу, 5 китепте
  1. Жүрөгү көтөрүлүү, алеп-желеп болуу, толкундануу, алып учуу; ээлигүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эркелетээр балаң жок, / Эрмекке сүйөр катын жок, / Көңүл ачар эрмектен, / Сенде бүгүн такыр жок, / Өрөпкүйсүң оолугуп, / Биттей сенде акыл жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Басып койбой башында, / Өрөпкүтпөй мындайды, / Алтайдан берип катыгын, / Атасы Жакып какбашка, / Чыңгышты кудай урганбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп Сейити удургуп, / Кыйалдан кетпей чоң Бейжин, / Кыйынсынып барынан, / Өрөпкүгөн чунактын, / Жүрөгү курч жаштыгы, / Өткөндөрдөн өөдөсүп, / Акылынын аздыгы, / Эки кыйал санаада, / Эки жыл өттү арада, / Эсинен кетпей чоң Бейжин, / Эсирген чунак балага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өрөпкүгөн эр неме, / Жоо жарагын бүт алып, / Тай буурулга минди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Өрөпкүгөн от жүрөк, / Эрен бала Сомбилек, / Батыш жакты бетке алып, / Басташкан жоону эске алып, / Качканын көрүп кыргыздын, / Көзүнөн жалын от жанып, / Уйкусу качты баа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →