өрүү1
- Дем алуу, тыныгуу; тыныгуу үчүн бир жерге токтоп өргүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Топчу кулак Кераттан, / Өтөр күлүк элде жок, / Өрүү калган Кератты, / Өксүп калып баратса, / Өкүм күлүк тор аттын, / Өкүмүнө салаарбыз, / Өткөрүп байге аларбыз, / Майторуну чаппадым, / Элдин сырын байкадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…на койгондо, / Алты күндүк жерлерди, / Алты ар канча келтирген, / Алмамбеттин чоң дүрбү, / Абыдан тиктеп караса, / Өкүм күлүк Көктеке, / Өрчүй басып алыптыр, / Өрүү калган Айманбоз, / Өксүп артта калыптыр, / Мунун көргөн Алмамбет, / Ойуна муну алыптыр: / “Ушул тушта болчу эле, / Күмсарынын Ачбели, / Ар жагында жүрчү эле, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куйругун сыртка салышып, / Кулун-тайы жарышып, / Кунан-бышты аңгилер, / Чокчоңдошуп алышып, / Өрүү калган карысы, / Өксүп артка калышып, / Семизден баспай калганын, / Канжарлап кардын жарышып, / Алмамбет, Сыргак айгайлап, / Бакырыкты салыптыр, / Толкуган көп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →