өрүш1
- Айылга жакын мал жайыты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көлдүн жээги туругу, / Шаарын бузуп талкалап, / Өрүштөгү малды алып, / Казынада зардалып, / Малабектин көп дүйнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ы чочко чогулуп, / Кеңеш кылган кеп экен, / Бардыгына эп экен: / “Элге берчүү эттерин, / Эртең талап алалы, / Кыйык таап ал жерден, / Чогулган айыл көп экен, / Өрүшү толгон эл экен, / Чаап кетип калалы, / Алыша чыккан эр болсо, / Коондой башын кесели” – / Кеп-кеңешке канышып, / Болут дешип алышып, / Жаткан экен төрлөрдө, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Антип-минтип турушуп, / Мылтык атып, чабышып, / Удаа он күн урушуп, / Өрүшүнө Коңдурбай, / Өрүүн берип Коңдурбай, / Далай салды кыргынды, / Беттешкенин соо кылбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Калдуубетке караштуу, / Калбай журту качыптыр, / Өлүү менен тирүүсү, / Ээ болгудай киши жок, / Өрүшүндө жатыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Короо-короо кой, өрүшү менен жылкыны таратып, кедейлердин жарпы жазыла баштады.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →