өрү
- Көп санда каптап жүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алты күн өрүүн алдырды, / Айабай сыйга кандырды, / Эминеге келгенин, / Абыдан кебин салдырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көкөйгө айтып сыр кылбай, / Сырынын четин туйдурбай, / Өрүүн алып бир жылы, / Каңгайга кетти туралбай, / Аралап барып Каңгайга, / Медеркан атын өчүрдү, / Жаман чапан, жаман ат, / Балтык атка көчүрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айал-үйөл кылбады, / Аттарга камчы шыбады, / Качырып найза сунганы, / Өрү калган Желжетпес, / Кайра качып жалтаңдап, / Сыр алдырып турганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бээден сойуп той берип, / Келген элге эт берип, / Эки күн өрүүн алдырды, / Ээрчитип алды Манасты, / Чыңгыштан алган сур тайды, / Басып барып карашты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Антип-минтип турушуп, / Мылтык атып, чабышып, / Удаа он күн урушуп, / Өрүшүнө Коңдурбай, / Өрүүн берип Коңдурбай, / Далай салды кыргынды, / Беттешкенин соо кылбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →