өрчү
- Өсүү, өнүгүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көзү көрүп көп ишти, / Ого бетер өрчүгөн, / Сегиз башы сеңселип, / Качырып кирди белсенип, / Карсылдашып киргенде, / Далайлар өлдү тепселип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чабышып чама жетпеген, / Чакташып бенде жеңбеген, / Өлгөн сайын өрчүгөн, / Өткүр Манас дечү эле, / Ошол ырас кеп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алтындан кемер курчанган, / Айдай беттен нур тамган; / Көөхарлуу кемер курчанган, / Күлгүндөп беттен нур тамган, / Көрсөм деп пенде муңканган; / Адам кемин таба албас, / Арстаныңдын мүчөдөн, / Көптү көрсө күчөгөн, / Өчөгүшүп өрчүгөн, / Он биринен бер жакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арбагың өрчүп чоң болуп, / Оорагың журттан зор болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ “Карылардан калгандан, / Көп жашаган жандардан, / Угуп жүргөн укмуш кеп, / Өлгөн сайын өрчүгөн, / Өткүр Манас уулу деп, / Түгөгөн сайын түтөгөн, / Түптүү Манас уулу, деп, / Жалганы жок чын экен, / Мен укканым ушул кеп, / Эркине элди жөн койуп, / Эрден экөө бүктөлдү, / Айласын таппай болобу, / Аманат жанга күч келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →