өрт
- Курулушту, буюмдарды ж. б. өз кучагына алып алоолоп, жалындап күйгөн от.
- өт. Өткүр, курч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чекене алыс жерде деп, / Кол салбадык силерге, / Кара шаар, жылдыз элдерин, / Эркине койдук жерде деп, / Арабызда калмактын, / Аласын ала качпадык, / Ак теңгесин чачпадык, / Каңгайда шибе, солондун, / Көп орбодук буудайын, / Өрт койбодук айдаган, / Шекер кылчу куурайын, / Анча-мынча дем алып, / Келесиңер жыл сайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Актаганын билсин, — деп, / Эл айагы басылса, / Кирген-чыккан азайса, / Анан кызды көрсүн” – деп, / Көкөй турган кезинде, / Күн бешимде мезгилде, / Асман тиреп өрттөнгөн, / Чаң көрүндү өзөндөн, / Көптүгү кара кумурска, / Жан көрүндү өзөндөн, / Чоңдугу тоодой дүңкүйгөн, / Дөө көрүндү өзөндөн, / Ат көтөрбөй тер болгон, / Жөө көрү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…н, / Эч кимге алын айтпаган, / Көрүнүп ажал турса да, / Башын булгап качпаган, / Сан- санаксыз жоо келсе, / Сабылып коркуп шашпаган, / Көптү көрсө күч алган, / Өрт жалындай тутанган, / Намыска белин буунган, / Кан менен колун жуунган, / Кан төгүшкөн ким болсо, / Чечекей чукуп көз алган, / Боорун жарып өт алган, / Кара деб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сенден бала төрт экен, / Улуу бала кыз экен, / Уулум Манас өрт экен, / Серек, Сыргак ини экен, / Аркамда иним эки деп, / Ишенери бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бул Канчоро кара ниет, / Өздөн чыккан жат болду, / Сегиз күндө келгиле, / Өзөктөн күйгөн өрт болду, / Калганын кийин көрөрбүз, / Бакай айтып токтолду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →